• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Абылгазиев: Ички иштер министрлигине элдин ишеними жогорулады

13 Бугу 2020 10:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Статистика комитетинин жана эл аралык уюмдардын рейтинги боюнча, Ички иштер министрлигине элдин ишеними жогорулады. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-майда өкмөттүн 2019-жылга карата отчетун берип жатып билдирди.

Анын айтымында, ИИМ көп жылдар бою жабык, резонанстуу, жарандар көбүрөөк нааразы болгон орган катары бааланган. Ал эми былтыр элдин ишеними 4,7 пайызга өскөн.

«Бүгүнкү күнү бул орган ишин, стилин өзгөртүп, коомчулук үчүн ачык боло баштады. «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирип, санариптешилген команда түзүлүп, бирдиктүү реестр, Туризм патрулдук милициясы түзүлгөнү себеп болууда. Ошондой эле 2019-жылы милиция кызматкерлеринин айлыгы 20 пайыздан 40 пайызга чейин көтөрүлүшү да себеп болду», — деди өкмөт башчы.

Количество просмотров: 107