• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Абылгазиев: «Кумтөр» боюнча 2017-жылы түзүлгөн келишим өлкө кызыкчылыгын коргобойт

29 Жетинин айы 2018 17:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.11.2018.Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев стратегиялык келишим боюнча «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен болгон сүйлөшүү тууралуу депутат Жанарбек Акаевдин суроосуна жооп берди. Өкмөт башчынын айтымында, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кол койгон келишим “Кыргызстандын кызыкчылыгын толук коргобойт”.

— Келишим күчүнө кириши үчүн биздин да бир канча шарттар бар, — деди премьер-министр.

«Ал келишимде биздин кызыкчылыгыбыз жакшы корголгон эмес. Күчөтүшүбүз керек, ачыгын айтканда экологиялык, социалдык өнөктөштүк маселеси бар. «Көбүрөөк акча төлөйсүңөр, биз бүгүнкү келишимге макул эмеспиз» деп жатабыз»,-деди Абылгазыев.

22-ноябрда премьер-министр «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри менен жолугушкан. Анда компаниядагы Кыргызстандын үлүшүн сатуу боюнча сүйлөшүлгөн.

— Бир нече компаниялар кайрылып жатышат. Бул практикада болуп жаткан нерсе. Конкреттүү түрдө «сатып алабыз» же «сүйлөшүү жүрсүн» деген сунуш түшө элек. «Болсо негизги акционер катары силерге кайрылабыз» деп айтты, — деди Абылгазиев.

Канаданын «Centerra Gold Inc» компаниясы Кыргызстандагы эң ири Кумтөр алтын кенин иштетет. «Центеррадагы» акциялардын 26,5 пайызына «Кыргызалтын» акционердик коому аркылуу кыргыз өкмөтү ээлик кылат. Мурдараак Кумтөрдө 2026-жылы кен түгөнөөрү кабарланган.

2017-жылдын 11-сентябрында өкмөт менен «Центерра Голд» компаниясынын ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган. Ага ылайык “Кумтөр” компаниясы Калыбына келтирүү фондуна жыл сайын 6 млн. доллар бөлүп турат. Келишим боюнча бул каражаттын минималдуу көлөмү 69 млн. долларга жетиши керек жана келечекте акча Англиядагы банктан Кыргызстанга которулууга тийиш. Бирок бул келишимге коомчулукта нааразы пикирлер көп болуп, ага кол койгон мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сунуштар да айтылган.

Буга чейин айрым ЖМКлар Кумтөр кенинин жумушчуларынын сөзүнө таянуу менен «Центерранын» жетекчилиги компаниядагы Кыргызстандын үлүшүн сатуу боюнча Кытайдын «Shadong Gold» (Шандунь Голд) компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү кызуу жүргүзүп жатканын жазып чыгышкан.

Булак: «Азаттык»

 

Количество просмотров: 34