• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Абылгазиев Ысык-Көл облусунун губернаторуна эскертүү берди

6 Бугу 2020 13:31 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевге чечимди макулдашпастан кабыл алганы үчүн эскертүү берди. Бул туруалуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

«Бул чечимдер Республикалык ыкчам штабдын сунуштамаларына жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген иш-аракеттердин алгоритмине дал келбейт. Тийиштүү алгоритмде каралган учурларды эске албаганда жарандардан облуска, шаарга, районго жана башка калктуу конуштарга киргенде COVID-19 жок экендиги тууралуу маалымдама талап кылуу туура эмес», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынын чечими менен облуска кирүүгө тыюу салынган. Ал эми кирүү учурунда жарандардан коронавирус инфекциясынын бар-жогун аныктоо боюнча тесттен өткөндүгү жөнүндө маалым кат талап кылышкан.

Количество просмотров: 1424