Жалган маалыматтарды тараткандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 22-мартта билдирди.
«Өлкөдө илдет менен күрөшүп жатканда бирге иш алып барууну күчөтөлү. Мыйзамды бузгандарга катуу чара көрөлү. Өзгөчө кырдаал учурунда жалган маалымат таратуу менен элдин тынчтыгын бузуп, дүрбөлөңгө салгандарды жоопко сот аркылуу тартыш керек»,-деди премьер-министр.