Бишкек. 15.02.2019. Govori.TV
Өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мобилдик телефондон оюн ойногон өкмөт мүчөлөрүн сындады.
Өкмөт башчы мындан кийин аткаминерлер жыйынга смартфондорун сыртта калтырып кирүүсүн айтты.
“Карап отурсам бул жерде кээ бирлер телефон ойноп отурушат. Жардамчыларым телефондо ким оюн ойноп жатканын мага айтып беришет”, — деди Абылгазиев.
Ошондой эле өкмөт башчы жыйынга оюн ойногону эмес, маанилүү маселелерди чечкени келишкенин кол алдындагыларга катуу эскертти.