• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Абылгазиевдин өкүл баласы делген Эмил Жамгырчиев үй камагына чыкты

9 Бирдин айы 2021 10:00 Бишкек Govori.TV

Финполдун мурдагы төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызмтынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-февралда Башкы прокуратуранын прокурорунун келтирген өтүнүчүн сот карап чыгып, Жамгырчиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү сунушун канааттандырган.

«Жамгырчиев мамлекетке келтирген зыяны үчүн 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, ири суммадагы пара алууга шектелип өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов жана Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматтын (Финпол) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев 2020-жылдын 19-октябрында УКМК тарабынан кармалган.

Количество просмотров: 117