Бишкек шаардык соту бүгүн, 26-декабрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган активист Рита Карасартованы камакта калтырды. Биринчи Май райондук соту аны 20-февралга чейин камакка алган, шаардык сот бүгүн ошол чечимди күчүндө калтырган чечим чыгарды.
Камактагылардын көбү протест катары ачкачылык кармап жатышат. Алардын арасында Рита Карасартова да бар.
Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын бөгөт чарасын Бишкек шаардык соту бүгүн карай баштады.
Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков, активист Акылбек Айтбаев, Марат Баязов, Эрлан Бекчоро уулу боюнча да ушундай эле чечим чыкты.
23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.
Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 20-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.
Камакка алынгандардын 20га жакыны 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылууда.