• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Адам органдарын мыйзамсыз сатуу менен алектенген шектүүлөр кармалды

18 Чын куран 2024 15:34 Бишкек Govori.TV

Адам органдарын мыйзамсыз сатуу менен алектенген трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, улуттук коопсуздуктун элементтеринин бири калктын саламаттыгы болуп саналат, мындан улам КР УКМК тарабынан бул чөйрөдө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча туруктуу негизде ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп келет. Максаттуу иш-аракеттердин натыйжасында адам органдарын өлкөнүн чегинен тышкары сатуу боюнча туруктуу мыйзамсыз канал уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттери аныкталды.

«Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында З.Р.З. аттуу жаран менен алдын ала макулдашуу боюнча адам органдарын сатуу каналын уюштурган К.А.К. аттуу жаран аныкталган. Аталган К.А.К. чет элдик клиникаларда бөйрөк алмаштыруу үчүн ири суммадагы акчаны (80 миң долларга чейин) төлөөгө даяр бейтаптарды издөөнү жөнгө салган. Андан ары КР аймагында «Жалдоочулар» акчалай сыйлык үчүн донорлорду таап, аларды трансплантациялоо үчүн өздөрүнүн ички органдарын алдоо жолу менен берүүгө азгырышкан.

Донорлор медициналык текшерүүдөн өтүүсү керек болгон, бирок организмдин абалына карабастан оң корутунду чыгарылып келген. Мындан тышкары уюштуруучулар коррупциялык жолдор аркылуу операция жасалуучу клиникага тапшыруу үчүн бейтап менен болгон мамилеси тууралуу жасалма документтерди жасашып, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып турушкан.

Донорлор бир бөйрөгү үчүн орто эсеп менен 1 миң АКШ долларынан 7 миң АКШ долларына чейин, жалдоочулар болсо ар бир жиберилген донор үчүн 3 миң АКШ долларына чейин алышкан, ал эми акчанын олуттуу бөлүгү каналдын уюштуруучусуна – 30 миң доллардан 70 миң АКШ долларына чейин түшүп турган», — деп жазылат маалыматта.

17-апрелде бөйрөктү трансплантациялоо үчүн кезектеги донорду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жөнөтүү учурунда «Манас» аэропортунун аймагынан КР жарандары К.А.К. жана З.Р.З. кармалды.

Жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен К.А.К. жана З.Р.З. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар уланууда.

Количество просмотров: 113