• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Адинай Марипова: Атам өмүрүн журналистикага арнаган

7 Жетинин айы 2018 17:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.11.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 7-ноябрда Бишкекте Басма сөз жана маалымат күнүнө карата акыркы 25 жыл ичинде көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилди. Эскерүү иш-чарасында алардын элесине арналып коюлган сүрөт-галерея ачылды. Иш-чарага Кыргызстандагы ММКлардын жетекчилери, саясий-коомдук ишмерлер катышты. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча соңку 25 жыл ичинде өлкөдө 100дөн ашык журналист каза болгон.
Белгилүү журналист Марип Тайчабаровдун кызы Адинай Марипова атасы бүт өмүрүн журналистикага арнаганын айтып, ал атасынын жолун жолдоп журналисттик кесипти тандап алганына сыймыктанаарын кошумчалады.

Количество просмотров: 190