• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Агынан жарылган Шыкмаматов…Шыпшынган Карамушкина…

19 Аяк оона 201811:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.09.2018.Govori.TV.
«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов менен КСДПчы Ирина Карамушкина кагышып кетишти. Алмамбет Шыкмаматов жөндүү маселени козгоп, аталган партияга тийиштүү, Абдиль Сегизбаев жалган маалымат тараткан маселе боюнча Башкы прокуратуранын, УКМКнын өкүлдөрүн чакырууну сунуштады.
Депутат Каныбек Иманалиев («Ата Мекен») кесиптешин колдоп, 100 жылда эки жолу репрессия болгондугун, “Атамбаевдин тушунда көптөргө жалган жалаа жабылып, айрымдары СИЗОдо, айрымдары абакта отургандыгын айтты.
Ичи бышып кеткен Ирина Карамушкина “Керек болсо «Ата Мекен» фракциясы өлкөнү дайыма чыӊалууда кармап турат” деп “жарылып” кетти. Ага удаа камакта отурган өз партиялаштарын эске салып, алар унчукпай тынч эле отургандыгын, Атамбаевдин тушунда ачылган иштер болсо жөндүү экендигин айтып айланадагылардын оозун ачырды.
Анын жообун шашпай уккан Алмамбет Шыкмаматов бары-жогун көрүп, бирок балыктай болуп отурган эл өкүлдөрүнө абийир алып келбестигин белгилеп, аялдар менен урушканды жактырбай тургандыгын бирок, баары бир калыстык керектигин айтты.
Ирина Карамушкина дагы жөн калбай кайсы депутаттардын айынан өлкө өнүгүү жолунан тайыганын мезгил көрсөтө тургандыгын, ар кимдин бети өзүнө керектигин айтты. Ал өзүнүн партиясына, Алмамбет Шыкмаматов өзүнүн партиясына жооп бериши керектигин айтып шыпшынды…

 

Количество просмотров: 25