• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды

1 Бештин айы 2021 22:00 Бишкек Govori.TV

Ахматбек Келдибеков видеотасмада айтылган жүйөлөрү боюнча түшүндүрмө берүү үчүн суракка чакырылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана референдумдарын өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын туура эмес көрсөтүү фактысы боюнча текшерүү жүргүзүүдө.

Буга чейин БШК КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын сайтка чыгарууда негизги серверге сырттан эч кандай кийлигишүүсүз, ар кандай фальсификацияны жокко чыгарган механикалык ката кетирилгендиги тууралуу түшүндүрмө берген.

«2021-жылдын 1-декабрында социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Келдибековдун добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын бурмалоо боюнча негизсиз жана тастыкталбаган схемаларды көрсөтүп, коомду адаштырып, ошону менен коомдук саясий кырдаалды туруксуздаштырууга шарт түзгөн видео тараган»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 883