• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

2 Аяк оона 2023 16:56 Бишкек Govori.TV

3-сентябрда таңкы саат 06:00дөн кечки саат 22:00гө чейин Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын суу түтүктөрүн жана канализация тармагын куруу боюнча эл аралык долбоорду ишке ашыруунун алкагында «Профит экспресс» ЖЧКсы Ахунбаев көчөсү менен Бакаев көчөсүнүн кесилишиндеги бөлүгүндө канализациялык коллектордун куруу үчүн жер иштерин жүргүзүүнү пландаштырууда.

Количество просмотров: 152