• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Айбек Калиев өлкөдөн качып кетүү амалдарын көрүп жатабы?

26 Тогуздун айы 2018 18:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.10.2018.Govori.TV

Улуттук энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиевдин жактоочусу ага карата чечимди өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүндү. Ал бүгүн Биринчи май райондук сотунда айткан.

Юристтин айтымында, Айбек Калиев үй бүлөсүн багып, камсыздоочу жалгыз адам. Анын жубайы кош бойлуу болгондуктан иштей албайт. Мындан сырткары Калиевдин балдары көп.

Бирок айыптоочу тарап каршы чыкты. Анын айтымында, тергөө Калиев өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери менен өлкөгө көп миллиондук чыгым алып келип, өлкөдөн качып кетүүсү мүмкүн экендигин аныктаганын билдирген.

Эске салсак, айыпталуучу Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголгон. Аны менен дагы энергосектордун мурунку менеджерлери бар.

 

Количество просмотров: 20