• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

“Айчүрөк” соода борборундагы каза болгон адамга кол салуу болгонбу?

29 Баш оона 2018 17:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.08.2018.Govori.TV
“Айчүрөк” соода борборунда көз жумган сатып алуучу өлтүрүлгөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, каза болгон адамдын денесинин экспертизасы жүргүзүлгөн. “Анын денесинен гематомалардын издери табылган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголду. Учурда күбөлөр суракка алынып, видеобайкоолорго тартылып алынган видеолор көрүлүп жатат”, — дешти ШИИББден.
Эске салсак, 28-август күнү Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунда эркек киши эс-учун жоготуп каза болгон.

 

Количество просмотров: 36