• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Айдарбеков: Тажикстандын аскердик агрессиялык аракетин эл аралык ыкмалар менен жоопко тартуу керек

3 Бугу 2021 15:25 Бишкек Govori.TV

Мурунку Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуу боюнча кайрылуу жасап, социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.

Ал кайрылуусунда «Тажикстан Кыргызстандын аймагына кирип келип, жай тургундарды өлтүрүү менен агрессиялык саясат жасады» деп сындаган. Чыңгыз Айдарбеков чек ара боюнча Тажикстандын аскердик агрессиялык аракетин эл аралык ыкмалар менен жоопко тартуу зарыл деп эсептейт.

«Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда гуманитардык укуктун ченемдери жана принциптери көз көрүнөө бузулду. Ал ченемдерге ылайык, туруктуу аскерлер тарабынан жөнөкөй жарандарга, куралсыз адамдарга ок атууга, жарандык мүлктү жок кылууга, медициналык кызматкерлерге кол салууга жана тез жардам унааларын атууга тыюу салынган. Апрелдин аягында Тажикстан тараптан Кыргызстанга жасалган агрессияга байланыштуу баардык видео, фото материалдарды чогултуу зарыл. Бул материалдар эл аралык деңгээлде аскердик агрессия актысы үчүн Тажикстанды жооп чакырууга жардам берет. Кыргызстан — БУУ баш болгон көптөгөн эл аралык уюмдардын мүчөсү. Кыргызстан дүйнөнүн колдоосуна жана Тажикстандын аскердик агрессиясын айыптоого муктаж жагдай жаралды. Белгилеп кетиш керек, бул жалпы тажик элинин агрессиясы эмес, бул Тажикстандын айрым чиновниктеринин чыккынчылыгы, кыянаттыгы — алар жоопко тартылышы керек», — деп билдирген мурунку министр.

Ошондой эле Тажикстандын XXI кылымда аскер техникасын бир тараптуу колдонуп, орто кылымдык методдор менен маселени чечүү цивилизациялуу эмес экенин, достук мамилеге жатпасын көрсөтүү керектигин кошумчалаган.

Количество просмотров: 295