• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Айланма жолдогу көпүрөдөн балдар унааларды таш менен чагып жатышат (сүрөт, видео)

4 Бирдин айы 2022 18:49 Бишкек Govori.TV

Токмок шаарына жакын айланма жолдо жайгашкан жол үстүндөгү өтмөктөн жаш балдар кетип бара жаткан унааларды көздөй таш менен чаап жатышат. Бул тууралуу Govori.TVга күбө билдирди.

Анын айтымында, ал унаасы менен жолдо кетип бара жатканда маңдайкы айнегине таш келип тийген.

«Унаа жолдун үстүндөгү көпүрөдө балдар таш топтоп коюшкан.Булар менен алар жолдон өтүп жаткан унааларды чапкылашат өндүү. Менин унаама таш тийгенде токтоп, издеп бирок, таппай калдым. Ал эми айыл аксакалына барып кабарлап, таш тийген унаа жалгыз меники эмес экенин билдим. Аксалдар күнөөлүүлөрдү таба албай тургандыктарын айтышты. Бир эле айдын ичинде 17дей унаага таш тийгенин уктум. Кайда кайрыларымды деле так биле алган жокмун. Себеби, арыз берейин десем бул аймак дачалык жер болгондуктан кайсы жакка таандык экени белгисиз», — деди ал.

Унаасынын айнегине таш тийген жаран сүрөттөр жана видео менен бөлүштү.

Количество просмотров: 7280