• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Айсулуу Тыныбекова жогорку стипендия алган спортчулардын катарына кирет

20 Үчтүн айы 2020 11:33 Бишкек Govori.TV

2019-жылы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин бюджетинен спортчуларга стипендия төлөп бериш үчүн 36 млн. 220 миң сом бөлүнгөн. Алардын ичинен спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдолимпиадалык түрлөрү боюнча 30 млн. 455 миң сом, олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча 4 млн. 525 миң сом, ал эми спорттун улуттук түрлөрү боюнча 1 млн. 240 миң сом өлчөмүндө спортчуларга стипендия берилген.

2019-жылдын август айынан декабрь айына чейин 75 миң сом өлчөмүндөгү I категориядагы стипендия сууда сүзүү боюнча Токиодо өтө турган Олимп оюндарына биринчи болуп лицензия алган Денис Петрашовго төлөнүп келди. Ал эми октябрь айынан тартып аталган категориядагы стипендия кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн чемпиону Айсулуу Тыныбековага, жөө күлүк Юлия Андреевага жана грек-рим балбаны Атабек Азисбековго төлөнгөн. Булар олимпиада оюндарына жолдомого ээ болгон спортчулар.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 1436