• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин Башкы прокуратура көзөмөлүнө алды

17 Теке 202414:13 Бишкек Govori.TV

-Коомчулукта резонанс жараткан 25 жаштагы Маматкулова Айтурган Мустафаевнанын өлүмү боюнча кылмыш иши 12-июлда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Козголгон иштин алкагында, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен тийиштүү укуктук баа берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин Октябрь райондук милициясы 7-июлда ооруканада каза болгон 25 жаштагы келиндин өлүмү милиция тарабынан териштирилип жаткандыгын билдирген. Келин өз өмүрүнө кол салгандыгы айтылган.

Теги:
Количество просмотров: 128