• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ак-Сууда мыйзамсыз сакталган эки ок атуучу курал аныкталды

18 Бугу 2022 11:45 Бишкек Govori.TV

Ак-Сууда мыйзамсыз сакталган эки ок атуучу курал аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу районунун сырт өрөөнүндөгү “Эчкили-Таш” жайкы конушунда убактылуу жайгашкан аталган райондун Чолпон айылынын 1982-жылы туулган А.К. аттуу жаранынын боз үйүнөн бир даана 28-калибрдеги бир оозду сайсыз ок атуучу курал табылып, далил зат катары алынган.

Ошондой эле Ак-Суу районунун тоо өрөөнүндөгү “Миң-Тур” жайкы конушунда убактылуу жайгашкан Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын 40 жаштагы И.Ш. аттуу жаранынын боз үйүнөн 1 даана 16 калибрдеги бир оозду ок атуучу курал табылып, далил зат катары алынган.

Алынган ок атуучу куралдардын тийиштүү уруксат кагаздары жок экендиги аныкталган.

Аталган фактылар Ак-Суу районундук милициясынын маалымат электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 91