• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Акаев: Депутаттар Сапар Исаков президент болсо аны да макташат

11 Жалган куран 2021 16:45 Бишкек Govori.TV

Депутаттар Жапаровдон кийин Исаков президент болсо аны да мактап, бизди ыңгайсыз абалда калтырат. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым депутаттар улам жаңы келген бийликти мактап, колдоп турушат.

«Мен ушул жерден чыгып, кофе ичкени барсам айрым депутаттар «Жанар сен туура айттың, абдан начар жолдо кетип бара жатабыз» дешет дагы жыйында микрафон күйгөндөн кийин башкача сүйлөшөт. Анткени алардын көпчүлүгүнүн бизнестери бар. Финпол, УКМК, Салык кызматы барып кысымга алат. Өткөндө бир-эки депутат келбей, добуш бербей калган. Кадимкидей кысымдар болду. Ошол үчүн парламентке келечекте бизнеси жоктор келсе адилеттүү чечимдер кабыл алынат. Болбосо азыр Садыр Жапаровду колдоп жаткандар өткөндө Жээнбековду колдошкон. Андан мурда «Атамбаевдин атын жолго бериш керек» деп ушул жерде сүйлөшкөн. Ал кетти дароо башка бийлик. Эртең Жапаровдон кийин Сапар Исаков президент болуп калса, булар «Сапар Жумакадырович, сизди жөн эле айыпташкан» деп аны мактап бизди ыңгайсыз абалга кептешет»,-деди Акаев.

Количество просмотров: 304