• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акаев ЖКнын чечими боюнча комментарий бербей турганын айтты

27 Аяк оона 202412:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев ага экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча арызын четке каккан Жогорку Кеңештин депутаттарынын чечимине комментарий берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Орусиянын ТАСС мамлекеттик агенттиги жазды.

“Мен парламенттин иши жана чечими боюнча комментарий бербейм”, — деген ал.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы сессиясында Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз эле четке каккан.

Ал парламентке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп арыз бергени 5-сентябрда белгилүү болгон.

Количество просмотров: 131