• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акбар Кубанычбеков «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды

15 Баш оона 2020 11:16 Бишкек Govori.TV

Жаш акын Акбар Кубанычбеков «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Акбар Кубанычбеков Нарын облусунун, Ат- Башы районуна караштуу Кара- Суу айылында жарык дүйнөгө келген. 2015 –жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Кыргыз филология факультетин артыкчылык менен аяктаган.

Анын ырларын учурда кыргыз эстрадасынын жоон тобунун өкүлдөрү ырдап, эл сүймөнчүгүнө айланды. Алсак, КТРКнын гимни, Мирбек Атабековдун аткаруусундагы “Мурас” ыры, пандемия шартында жарык көргөн “Адамга адам керек” жана башка белгилүү ырларлардын сөзү Акбар Кубанычбековго таандык.

Жаш акын Акбар Кубанычбеков Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси жана КРнын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Количество просмотров: 63