• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Активист Аспеков абакта кыйноого кабылганын айтып чыкты. УКМК үн катты

14 Бугу 2021 12:02 Бишкек Govori.TV

Активист Мелис Аспеков УКМКнын тергөө камак жайында сабалып, тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан кыйноого алынгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Мелис Аспеков жаракат алгандыгы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Көрсөтүлгөн сүрөттөр 2021-жылдын март айынын башында тартылгандыгы аныкталган.

«Аспековдун өзүнүн айтымында, ал 2021-жылы 4-мартында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна барганда денесинен жаракат алганын айткан. Ал денеге залал келтирүүнүн келип чыгуу себебин билдирүүдөн баш тарткан жана Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин билдирген. Буга 2021-жылдын 11-мартындагы түзүлгөн АКТ күбө болуп турат. Кыргыз Республикасынын УКМК Мелис Аспековдун бул аракеттерин коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу аракети катары экендигин баалайт»,-деп айтылат маалыматта.

КР УКМК атайылап жалган маалыматтарды таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертип кетет.

Белгилей кетсек, буга чейин жарандык активист Мелис Аспековдун Фейсбуктагы өздүк баракчасына анын билдирүүсү жарыяланган. Анда активист УКМКнын тергөө абагында кыйноого кабылганын кабарлаган.

Количество просмотров: 757