• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Активисттер БШКнын төрайымына каршы арыз жазды

30 Бугу 2020 9:51 Бишкек Govori.TV

Журналист Канышай Мамыркулова
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын кызматтан кетүүсүн талап кылып, арыз жазды. Бул тууралуу фейсбуктагы өздүк баракчасына жарыялады.

https://www.facebook.com/100004078484001/posts/2229494193863175/

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар,
мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин
Регламенти боюнча комитетинин төрагасы
К.К. Керезбековго жазылган арызды өзгөрүүсүз беребиз:

«Урматтуу Канат Керезбекович,
2020-жылдын 19-майында Сиз жетектеген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде  «Партиялар үчүн шайлоодон өтүү босогосун 5%га чейин төмөндөтүү» боюнча угуу өтүп жаткан мезгилде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрайымы Н.К. Шайлдабекованын «Бул же тиги пайыздын кандай иштээрин айта албайбыз, бирок 5 пайыздын жыйынтыгын көргөнбүз. 7 пайыз өз натыйжасын актады» деп айткан пикири ЖМКларда жарыяланган. Ошону менен бирге төрайым Н. Шайлдабекова БШКнын (Борбордук шайлоо комиссиясы) аталган 7 пайыздык босогону колдоорун баса белгилеп кеткени белгилүү.

Бирок, ошол эле күнү социалдык тармактарда БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова  «Боршайкомдун төрайымы Шайлдабекова бүгүн Конституция жана «Шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» мыйзамды дагы бир ирет бузду… Боршайкомдун жыйынында биз, тактап айтканда, БШКнын бардык мүчөлөрү менен макулдашпастан туруп жеке өз пикирин расмий БШКнын позициясы катары берди» деп жазып чыккан.

Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү», «Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетине келген БШКнын аналитикалык катында бурмалоо иштери орун алгандыгы белгилеп кетебиз. Тактап айтканда, эч кандай толук кандуу анализ жана иликтөө  жүргүзүлбөй туруп, 2010-жылы өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун 5 пайыздык босогосунун жалпы статистикасын 2015-жылы өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу 7 пайыздык босогонун жалпы эсептери менен салыштыруунун өзү чоң катачалык. Анткени, жалпы анализ көрсөтүлбөй туруп, бир тараптуу 7 пайыздык босогосуна тартуу ыкмалары колдонулганы билинип турат.

7 пайыздык босого менен шайланып келген Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын сапатына элдин нааразычылыгы чоң экендигин эч ким тана албайт. Ошону менен бирге 7 пайыздык босого колдонулганда, регионалдык лидерлер парламенттин курамына кирбей калгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти, ошондой эле коомчулук дагы көп буга чейин сын-пикирлерди айтып келген. Бул БШКнын төрайымы айткан элдин биригүүсү, консолидация деген тыянактарга шайкеш келбейт. Белгилеп кете турган жагдай, аймактардын өкүлчүлүгүн камсыз кылуу жана конструктивдуу саясий атандаштыктын пайда болушуна  Армения, Грузия жана башка өлкөлөрдө болгон шайлоо реформаларындагы шайлоо босогосун төмөндөтүү себеп болгонуна күбөбүз. Биз мына ушундай тажрыйбаларды эске алууга тийиш элек.

Ошондой эле парламенттин аталган  комитетинин отурумунда Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Искак Масалиев  БШКнын төрайымынан мыйзам чыгаруу иш-аракеттерине кийлигишүүдөн жана баа берүүдөн баш тартууну талап кылганы белгилүү. Мындай мыйзам бузуу аракети ошол жыйында эске алынууга тийиш эле.
Мамлекеттик аткаруу бийлигинин өкүлүнүн мыйзам чыгаруу системасынын ишине кийлигишүүсү, бул мамлекеттик ишмердин бийликтик ыйгарым укуктарынан аша чабуусу деп кабыл алууга болот.

Буга кошумча БШКнын төрайымы Н. Шайлдабекова тарабынан кетирилген мыйзамсыз иш-аракеттерди дагы бир жолу эскерте кетели. Эки жыл мурун Н. Шайлдабекова жетектеген Борбордук шайлоо комиссиясынын мамлекеттик тилге карата (Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкер Азиз Суракматов мамлекеттик тил боюнча сынагын, «Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы аркылуу өтпөгөндүгү) мыйзамсыз жана кайдыгер мамилеси сиздерге жакшы  белгилүү. Бул маселе боюнча дагы сиз жетектеген  комитетке кат менен кайрылганбыз, бирок маселе чийки бойдон калган. Жыл башында  Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 коронавирус инфекциясы боюнча «эл аралык коомдук  саламаттык сактоонун өзгөчө абалын» жарыялаганына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун  жайылышына жол бербөө максатында республикалык штаб түзүлүп, тиешелүү адистердин жергиликтүү Кеңешке шайлоолорду өткөрүүнү токтотуу боюнча сунуштарын четке кагып, БШКнын төрайымы Н. Шайлдабекова «Коронавирус болсо дагы шайлоо өнөктүгү токтотулбайт» деп жооп бергени карапайым калкка түшүнбөстүк жараткан эле.

Жогоруда аталгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Н.К.Шайлдабекованын моралдык жана этикалык жактан мамлекеттин тагдырын чече турган маанилүү кызматты ээлеп отурууга укугу жок экендигин озгочо жоопкерчиликтуу кызматты ээлеп отурууга укугу жок экендигин баса белгилейбиз»,-деп жазылат арызда.

Количество просмотров: 202