• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери талапкер сунуштап чыгышты

15 Бугу 2023 16:44 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы институтунун жалпы жамааты Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракция башчыларына кайрылуу жолдоду. Ага 57 кызматкер кол койгон.

«Азарбеков аппарат жетекчиси катары башкаруучулуктун бийик деңгээлин көрсөтүп, жамааттын сыйына, ишенимине ээ боло алды. Эгер акыйкатчы болуп калса, институттун ишин жакшыртып, аброюн эл аралык деңгээлде көтөрө аларына ишенебиз», — деп жазылган катта

Кошумчалай кетсек, Акыйкатчылыкты буга чейин Атыр Абдрахматова жетектеп келген. «Ата журт-Кыргызстан» фракциясы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү сунушун көтөрүп, Абдрахматова кызматынан бошотулган.

Акыйкатчы кызматына талапкерди фракциялар же депутаттык топтор сунуштай алат.

Количество просмотров: 215