• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Акыйкатчы Токон Мамытов Атамбаев менен жолугат

27 Тогуздун айы 202014:29 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Токон Мамытов абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолукканы барат. Бул тууралуу акыйкатчы институтунан билдиришти.

 Маалыматка ылайык, Мамытов бүгүн, 27-октябрь күнү саат 15:00дө СИЗО-1ге барат. Анда ал абактагы президент Алмазбек Атамбаевге жолугат. Акыйкатчы президенттин абалы жана буга чейин айтылган маалыматтар боюнча кабар алат.

Эске салсак, кечээ, 26-октябрда мурдагы президент Алмазбек АтамбаевБиринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде СИЗО-1ге алып келинген. Абактагы шарттарга нааразы болгон Атамбаев ачкачылык жарыялаган.

Количество просмотров: 228