• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Акылбек Абдыкалыков эркектин ролун эң мыкты ойногондугу үчүн байгеге татыды

23 Жетинин айы 2018 9:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.11.2018. Govori.TV
Акылбек Абдыкалыков Казакстанда өткөн Шакен Айманов атындагы Эл аралык кинофестивалда эркектин ролун эң мыкты ойногондугу үчүн байгеге татыды. Бул тууралуу фестивалдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Акылбек Абдыкалыков Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» тасмасындагы ролу үчүн байге алды.
Мыкты тасма үчүн баш байгени Джонни Хендрикс Инестросанын «Канделария» (Колумбия) тасмасы утуп алды.
Шакен Айманов фестивалы 17-21-ноябрь күндөрү Алматы шаарында өттү. Анда 40тан ашуун тасма көрсөтүлдү.

Количество просмотров: 27