• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акын Аскат Жетиген кыйноо боюнча айтканына түшүндүрмө берди

28 Бугу 202413:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-майда Свердлов райондук сотунда акын Аскат Жетигендин иши боюнча соттук отурум уланды.

Анда Аскат Жетиген журналисттерге комментарий берип жатып, буга чейин кыйноо боюнча айтканына түшүндүрмө берди.

«Мени СИЗОдо кыйнады деп жазышкан. СИЗОдо кыйналган эмесмин. Мени УКМКнын шаардык мекемесинде кыйнашкан. Ошол маалыматты тактап коеюн дедим», — деди ал.

Белгилей кетсек, акын “массалык башаламандыктар”, “бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери менен айыпталып жатат.

Количество просмотров: 124