Аламүдүн районуна караштуу ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 2 адам чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-августта ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 22 жаштагы 2 жигит чөгүп кеткен. Аларды издөөгө 10 куткаруучу тартылган.
Издөө иштери бүгүн, 24-августта улантылууда.