• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Аламүдүндө сууга чөккөн эки жаш жигиттин сөөгү табылды

24 Баш оона 202013:24 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда көлмөгө чөгүп кеткен эки жаш жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунда кечээ, 23-август күнү ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 22 жаштагы 2 жигит чөгүп кеткен.

Бүгүн, 24-августта издөө иштеринин алкагында Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 8 куткаруучу тартылып, саат 11:50дө куткаруучулар 2 адамдын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 560