• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Аламүдүндө өзүнүн кызын зордуктаган деп шектелген адам кармалды

3 Бирдин айы 2021 12:27 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда өзүнүн кызын зордуктаган деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Пригородный айылынын 18 жаштагы тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, өзүнүн атасы зордуктаганын айткан. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен катталып, тергөө иштери башталган.

«Жабырлануучу милиция кызматкерлерине окуя 1-февралда саат 17:00 чамасында болгонун айткан. Апасы үйүнө барганда дароо айтып, алар укук коргоо органдарына барышкан. Жабырлануучу кыздын айтымында, атасы биринчи жолу 2019-жылы зордуктаган. Анда 17 жашта болчу», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 495