• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Аламедин-1 кичи районунан окуучу кыздарга ыдык көрсөткөн жаран кармалды

22 Жетинин айы 201810:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.11.2018.Govori.TV.
Бишкектин Аламедин-1 кичи районунан жашы жете элек кыздарга карата ыплас иштерди кылгандыгы божомолдонуп 1981-жылы туулган жаран кармалды.
Социалдык баракчага жарыяланган маалыматка ылайык ал жаран 3-класстын окуучусун аңдып жүргөнүн үйдүн коменданты менен короо шыпырган жумушчу байкап калышкан.
Аны ошол замат тартип сакчыларына өткөрүп беришкен.
Милициядан бул окуяны тастыктаган жана аталган көрүнүш боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыгы кабарланган.
Количество просмотров: 52