• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

6 Аяк оона 2022 13:18 Бишкек Govori.TV

Москва районунда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 2022-жылдын 5-сентябрында Москва райондук милициясына С.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда 9 тоннадан ашык арпасын сатып алып, 170 миң сомун берип, калган 42 миң 729 сомду алып келип берем деген шылтоо менен кайтарып бербей качып жүргөн жаранга чара көрүү өтүнүчүн билдирген.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып, 1982-жылы туулган Н.М. аттуу жаран кармалган. Шектүү Москва РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 219