• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Алдыдагысы таш, артындагысы курал менен атып турушту». «Головнойду» коргогон офицер окуя тууралуу

6 Бугу 2021 13:30 Бишкек Govori.TV

«Головной» суу бөлүштурүүчү жайындагы алгачкы чырдын башталган күндө болгон окуялар тууралуу «Шер» атайын күчтөрүнүн офицери маалымат айтып берди.

Анын айтымында, Кыргызстандын аймагында тажик тарап «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео байкоо камераларын орнотуп алышкан.

«Биздин бир гана талап камераларды алуу болду. Бирок, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында камералар дагы да болсо алынган жок. Бизге жай тургундар, куралсыз эле коргоп туруу максатында келишти. Алардын эч биринде курал болгон эмес. Эки тараптын ортосунда таш ыргытуу башталып, көп өтпөй эле ок атуу башталды. Бизден ок чыккан жок, таш менен гана чаап жатышты. Ок тийгенде биздин жарандар артка чегинишкен, көз алдыбыздан эле ондой жараныбыз жарадар болду», — дейт офицер.

Ал кошумчалагандай, кыргыз жарандары артка чегингенде тажиктер кыргыз аскерлери кайтарып жаткан «Головнойдун» аймагына чейин чуркап кирип келишкен.

«Алдыда шиттерди кармап, таш менен чапкандардын артында курал аткандар турушту. Биздикилеп арка чегингенде аскерлер кайтарган жерге чейин качырып кирип келишти. Устав боюнча аскер адамы кайтарган аймакка белгисиз бирөөнүн бастырып кирүүсү катталганда эскертүүчү асманга ок атылат. Биз эскертүүчү окту атканда, тажик тарап тынбай биз тарапты атып башташты. Ошол боюнча ок атуу кечки 8ге чейин такыр токтогон жок. Ал жактын бир топ аскер техникалары, ошол эле миномет, гранатомёт сыяктуу чоң калибрлүү куралдар колдонулуп жатты. Биз алардын даярдыктарын 17-апрелден тарта эле көрүп жатканбыз. Ал эми биздин техника үч жарым төрт сааттан кийин келди, алар кайтаруу масатында эле келишти. Бирок душмандын биздин аймакка өтүүсүнө жол берген жокпуз», — деди ал.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды.

Ал эми каза болгондордун арасынын 25 жаран дал ушу «Головнойдун» аймагында болгон кагылышууда көз жумган.

Соңку расмий маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала-бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген.

Количество просмотров: 740