• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аликбек Жекшенкулов ата-энесинин үйүн мамлекетке балдар бакчасына айландыруу үчүн берет

3 Бештин айы 2018 15:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.12.2018.Govori.TV.
ТИМдин мурунку башчысы Аликбек Жекшенкулов ата-энесинин үйүн мамлекетке балдар бакчасына айландыруу үчүн берет. Бул тууралуу саясатчынын уулу Беккул Жекшенкулов «Азаттыкка» билдирди.
Айтымында, турак жай Кочкор районунун борборунда жайгашкан. Мындай чечим үй-бүлөлүк кеңеште кабыл алынган, анткени кыштакта болгону бир бакча бар.
«Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында кичине болсо да өз салымыбызды кошолу дедик», -деди Беккул Жекшенкулов.
«Учурда мамлекеттин карамагына өткөрүү процедуралары жүрүп жатат. Бул бир аз убакытты алат», -деди ал.
Буга чейин депутат Камчыбек Жолдошбаев ушундай кадамга барган. Ноябрдын башында депутаттын Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылында имаратты мектеп катары пайдаланууга бергени маалым болгон.
Количество просмотров: 46