• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Аликбек Жекшенкулов: “Атамбаевди соттоого да мыйзам жол берет”

5 Кулжа 2018 10:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.06. 2018. Govori. TV

Экс-президенттердин кол тийбестигин алуу жөнүндөгү сунушталган мыйзам долбоору четке кагылыш керек. Бул тууралуу коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов билдирди.

Анын айтымында, экс-президенттердин кол тийбестиги тууралуу Башкы мыйзамда атайын берене каралбагандыктан, аны мыйзам долбоору катары добушка коюуну кажети жок.

“Эмне үчүн президент кезинде одоно мыйзамдарды бузуп, кеткенден кийин жоопкерчиликтен кутулушу керек. Дүйнө жүзүндө кылмыш кылган президенттер атылып кеткен, айрым өлкөлөрдө 15-20 жылга камалып жаткан учурлар бар. Эгерде, кылмышы аныкталса, биздин мамлекетте гана эмес, Борбор Азиянын практикасында биринчи жолу экс-президент жоопко тартылат”, — дейт Аликбек Жекшенкулов.

Жекшенкулов ошондой эле Алмазбек Атамбаевди суракка чакырып, жоопко тартып, керек болсо соттогонго да мыйзам жол береээрин кошумчалады. Эске салсак, учурда коомчулукта экс-президенттердин кол тийбестигин алуу тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Количество просмотров: 18