Алматыда Орусиянын элчилигинин алдына пикетке чыккан жарандык аквисттерди тартип кызматкерлери кармап кетти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 24-февралда жарандык активисттер Алматыдагы Орусиянын консулдугунун алдына Украинаны колдоп, акцияга чыгышкан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялады. Ал Орусияны өлкөнүн аскердик жана чек арадагы объектилерине чабуул жасаганы үчүн айыптады.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды.