17-сентябрь- мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Ал 65 жаш курагын абакта өткөрүп жатат.
Алмазбек Атамбаев 1956-жылы 17-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында туулган. 1980-жылы Москвада Башкаруу институтун инженер-экономист, өндүрүштү башкарууну уюштуруучу адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу
1980-1981 — Кыргыз Республикасынын Байланыш министрлиги, инженер;
1981-1983 — №4 ЖЭБде башкы инженер;
1983-1987 — Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунда ар кандай кызматтарда иштеген;
1987-1989 — Биринчи май райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары;
1997-1999 — «Кыргызавтомаш» АКнын башкы директору;
1999-2004 — «Форум» өнөр жай тобунун директорлор кеңешинин төрагасы;
2004-2005 — «Кыргызавтомаш» корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы;
2005-2006 — КР экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу, министр;
2006-2007 — КР премьер-министри;
2007-2010 — Активдүү коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенген
2010-жыл, апрель-июнь — КР Убактылуу өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары;
2010-жылдын ноябры-декабры — КР Жогорку Кеңешинин депутаты, КСДП фракциясынын лидери;
2010-жылдын 20-декабрынан баштап — КРдин премьер-министри;
2011-жылдын 30-октябрында КРдин президенти болуп шайланган;
1.12.2011 — 24.11.2017 Кыргызстандын президенти;
31.03.2018- 25.05. 2019 — Кыргызстан социал-демократтар партиясынын төрагасы;
2019-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңештин чечими менен «экс-президент» макамынан ажыратылган.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев Бишкектеги №47 колонияда отурат. Аны өткөн жылдын 23-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту күнөөлүү деп таап, 11 жыл, эки айга эркинен ажыраткан. Ошондой эле 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу иши сотто каралууда.
Орунбеков: Мурдагы президенттерди өлкөгө кайтарып келүү жөнүндө сөз айтылган жок
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Садыр Жапаров менен Кыргызстандын мурдагы президенттеринин жолугушуусу …