Бишкек. 14.03.2019. Govori.TV
17-мартта 2002-жылдагы Аксы окуясын эскерүү митинг-реквиеми өтөт. Бул тууралуу КСДП басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык анда үй-бүлөлүк-кландык режим менен күрөшүүдө курман болгондор эскерилет.
КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, саясий жана коомук ишмерлердин катышуусу менен өтө турган иш-чарага каалоочуларды чакырат.
Митинг 17-мартта саат 11 де Бишкекте 7-апрель көчөсүндө жайгашкан «Медиа-форум” ишканасынын алдында болот.