Россиялык альпинист Наталья Наговицына каза болду деп табылды.
КР Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов билдиргендей, бүгүн Түштүк Эңилчек базалык лагеринен Жеңиш чокусунун боорлорун бийик учкан дрондун жардамы менен деталдуу (эки жолу) визуалдык текшерүү жүргүзүлдү.
«Тилекке каршы, биз Наталья Наговицынанын тирүү калуу белгилери жок экенин билдирүүгө аргасызбыз! Бардык куткаруу иштери токтотулду жана биз баарыбыз үчүн бул кайгылуу фактыны моюнга алышыбыз керек! Текшерүүнүн бардык видеоматериалдары (10 мүнөттөн ашык) Натальянын уулуна жеке өзүнө берилет. Кыргыз тарап альпинистти куткарууну уюштуруу үчүн колдон келгендин баарын жасады, бирок өтө бийиктик, катаал аба ырайы, тик учактын катуу конушу жана куткаруучулардын физикалык абалы күтүлгөн натыйжаларга жетүүгө мүмкүндүк берген жок! Жеңиштин тарыхында 7200 метр бийиктикте бир дагы ийгиликтүү куткаруу операциясы болгон эмес жана биз куткаруучу-альпинисттердин өмүрүн андан ары тобокелге салууга акыбыз жок болчу!» — деп жазды ал.
Кубатов куткаруу иш-чараларын уюштурууга катышкандардын баарына ыраазычылык билдирди.