Бишкек. 13.12.2018. Govori.TV
Алты миңге чукул кыргызстандык Орусиядагы кара тизмеден чыгарылды. Алар жарыяланган миграциялык мунапыстын негизинде ал жакка кирүү тоскоолдугунан арылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан Гүлбарчын Байымбетова билдирди.
Ушул мунапыс акциясынын алкагында миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн 100 миңге жакын мекендештер картасын жаңыртышты. Алар 16-октябрдан 10-декабрга чейин Орусиянын аймагында миграциялык каттоого туруунун эрежелерин сактабай жүрүшкөн.
Мигранттарга мунапыс берүү эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин ишке ашкан.
“Кара тизмеден” бир же бир нече жолу жеңил административдик айыпка тартылып, мыйзамдардын негизинде айыпталган кыргызстандыктар чыгарылаары кабарланган болчу.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “кара тизмеде” 70 миңдей кыргызстандык бар экенин, анын 50миңи соттун чечими менен Орусиядан чыгарылганын маалымдаган болчу.