Алтынай Өмүрбекова: Окуучуларды тизип тургула деп эч ким айткан эмес
Алтынай Өмүрбекова: Окуучуларды тизип тургула деп эч ким айткан эмес
28 Аяк оона 2018 16:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.09.2018.Govori.TV.
Окуучулардын вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баштаган делегацияны күтүп турушканда өздөрүн жаман сезишкендиги тууралуу маалымат боюнча Өмүрбекова жооп берүүнү чечип, фейсбук баракчасына жазган.
«Мен окуучуларды 2 жарым саат күттүрүп койгонум боюнча түшүндүрмө бере кетсем, мектептин ачылуу аземи 12:00гө дайындалган, а мен ал жерге 11:20да келип ал эми ачылуу аземи 11:30да башталган. Окуучуларды тизип тургула деп албетте, эч ким айткан эмес. Бул мектептин курулуу иштери 10 жылдан ашуун убакытты камтыган, жана бул иш чараны айыл тургундары көптөн күтүп келишкен»,- деп жазган вице-премьер-министр.