• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Анжиянда «Хизб ут-Тахрир» уюмунун «аялдар канатынын» мүчөлөрү кармалды

19 Үчтүн айы 2022 14:55 Бишкек Govori.TV

Анжиян облусунун Анжиян районунда «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун «аялдар канатынын» мүчөлөрү аныкталды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Аялдар 16-январда жергиликтүү тургундун үйүндө диний китептерди окууга чогулган маалда кармалган.

Башкармалыктын маалыматына караганда, аялдар Түркияда жашаган М.Х аттуу жарандын көрсөтмөсү менен бири-бирин конокко чакырып, ырааттуу түрдө чогулуп турушкан. Чын-чынына келгенде алар соцтармактар аркылуу «Хизб ут-Тахрир» идеясы боюнча Түркиядагы аялдан сабак алып турушкан.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Количество просмотров: 26