• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Апасы Орусияда иштеп жүргөн. Ошто 17 жаштагы кызын зордуктоого өз атасы шектелүүдө

23 Чын куран 2021 11:42 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Өзгөн районунда өз атасы 17 жаштагы кызын зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагына караштуу Кош-Коргон айылынын 45 жаштагы кыздын таежеси арыз менен кайрылган. Арызда 19-апрель түнү болжол менен саат 22:00 чамасында 17 жаштагы кызды 45 жаштагы атасы кызынын алсыз абалынан пайдаланып зордуктап койгондугун жазган.

Аталган арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө өспүрүм кызды Өзгөн райондор аралык социалдык эмгек өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси суракка алган учурда төмөнкүлөрдү билдирген.

19-апрелде болжол менен саат 22:00 чамасында эркине каршы, каршылык көрсөткөнүнө карабастан жыныстык катнашта болгондугун көрсөткөн. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, чиймелер чийилип, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Шектүү өз көрсөтмөсүндө кызынын айткандары чындыка дал келбейт деп билдирген. Алгачкы соттук-медициналык экспертизанын алгачкы текшерүүүсү боюнча кыздык белгиси бузулбагандыгы белгилүү болгон. Ошондой болсо да бүдөмүк ойлор пайда болбосу үчүн кошумча кайрадан экспертиза дайындалган.

«Учурда биологиялык экспертизанын бүтүмү чыга элек. Биологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен кандай аракет болгону такталат. Ар тараптуу иликтөө максатында жабырлануучуга жана арыз ээсине карата да соттук-психологиялык экспертиза дайындалган. Жабырлануучу кыздын апасы Орусияда иштеп жаткан. Тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат», — деп билдиришти Ош ОИИБинин маалымат кызматынан.

Количество просмотров: 597