• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Апта жыйынтыгы: Аткезчилердин атышуусу… Министр үчүн унаа…

1 Бирдин айы 2019 19:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.02.2019.Govori.TV.

Аткезчилердин атышуусу
Бул аптанын башталышы эле чуулгандуу окуя менен коштолду. «Токмок» көзөмөл өткөрүү бекетинде аткезчилер ортосунда атышуу болуп,араздашкан тараптардын бири «Чемпион» деген каймана аты бар Жогорку Кеңештин депутаты жана анын жакындары экени айтылган.
Бирок бул тууралуу милициянын эч кабары болгон эмес, акыры окуядан 3 күн өткөн соң гана бул тууралуу маалымат жыйын беришкен.

Ал эми милициядан биринчи бул окуя жөнүндө кабардар болуп, маалымат жазган журналистти укук коргоочулар суракка чакырышкан.

Акыры окуяга шектүү делип Аскат Үсөнов менен Дастан Бейшенкуловду камакка алуу чечими чыккан. Бирок экөө тең ок жегенин айтып ооруканада жатат.

Министр үчүн унаа

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин кымбат автоунаада жүрүүсү коомдо талкууга жем болду.

Министрлик үчүн жалпысынан 100 миң АКШ долларынан ашык каражатка эки жолтандабас алышкан. Алардын бири колдонууга кажети жоктунан улам колдонулбай өкмөттүн гаражында турганы маалым болгон.

Унааны сатып, ордуна «Тез жардам» унаасын алыш керек деген депутат Абдувахап Нурбаев «Министрдин мындай кымбат автоунаа минип жүрүүгө кандай укугу бар?»,- деген суроо узаткан.

Матраимовдун миллиондору текшерилеби?

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимовдун мүлкүн текшере баштаганы маалым болгон.

Көп өтпөй Матраимовдун мүлкүн текшерип жаткан мекемеде анын бир тууганы Исламбек Матраимов иштери айтылды. Анткен менен ушул эле мамлекеттик орган Райым Матраимовдун мүлкүн текшерүүгө бел байлаганы коомдо талкууга алынбай койгон жок.

Ал эми Финансы полициясыМатраимовдун мүлкүн текшерүүдө туугандык байланыш таасир этпесин айтышкан.

 Бул текшерүүнүн жыйынтыгы кандай болоорун жана келээрки апта дагы кандай окуялар менен коомчулукту таң калтырат, аны убакыт көрсөтөт.

Теги:
Количество просмотров: 22