Megacom
  • Жума 21 Бирдин айы 2020

Апта жыйынтыгы: “Чык эшикке” болбой калды, бирок “былтыйган” министрлер президенттен тил укту

24 января 2020 в 20:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлүп, анда Жээнбеков 2018-2019-жылдарга пландалган иш-чаралардын аткарылышын карап, алгач эле коррупция менен күрөш жетишээрлик болбой жатат деди.
Жыйында министрлер кылган иштери, аткарылган пландары тууралуу айтып Президентке маалымат беришти. Ал эми өлкө башчы ар бир докладдын аягында комментарий берип, сын пикирлерди айтты. Аралдын арасынан эң катуу сынга Жогорку соттун төрайымы кабылды. Муну менен катар Жээнбеков Башкы прокуратуранын ишин да сындады.

Бул аптада чек ара чыры дагы деле басылган жок. Окмоттун кадамдарына каршы чыккан митингчилер аткаминер тарабынан сынга кабылышты. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 15-январда парламенттин алдында өткөн митинг акча менен уюштурулган деген пикирин билдирген.

20-январда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча суракка чакырылган  “Чындык” гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков камакка алынды. 48 сатка камакка алынган журналисттин баш коргоо чарасы каралып, сот аны 2 айга үй камагына алынды.

Количество просмотров: 369