Ат-Башыга логистикалык-индустриалдык борбор курулат Ат-Башыга логистикалык-индустриалдык борбор курулат» дегенден коомчулукта кайчы пикирлер жаралды. Айрымдары «салынсын» деп кубаттаса, кээ бири борбордун келечегинен күмөн санап, жер толугу менен Кытайга өтүп кетет деген пикирде жергиликтүү тургундар митингге чыгышты.
Саймаитинин өлтүрүлүшү иликтенүүдө Бул аптада Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин ишин иликтөөгө түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны уланды. Жыйынга маалымат берүү үчүн «Азаттыктын» өкүлү жана башка тийиштүү органдардын өкүлдөрү келди.
Коронавирус тууралуу маалымат элди дүрбөттү Бул аптада Кытайда чыккан коркунучтуу вирус тууралуу маалымат дүйнө жүзүнө кенен жайылды. Ал маалымат кыргызстанга да жетип элден мурда эл өкүлдөрүн түйшүккө салды. Дегеним айрым эл өкүлдөрү тагынган беткаптарын элге көрсөтүшүп, коргонуу аракетин көруп жатканын айтышса айрымдары базарлардагы кытайлардан коргонууну сунуштады.