• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ардагер балбан Караев дүйнө чемпионатында күмүш байге жеңди

9 Тогуздун айы 2019 19:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык ардагер балбан Бердикул Караев Грузияда өтүп жаткан күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байге жеңди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун unitedworldwrestling.org сайтында маалымдалат.

Маалым болгондой, ардагер балбан Караев 88 килограмм салмакта күч сынашкан. 8-октябрда чейрек финалда венгриялык Кароли Ласзло Шейцлди (4:0), жарым финалда Фарамарз Ражаб Боудахини 6:0 эсебинде жеңип, 9-октябрда уланган алтын байге үчүн таймашта германиялык Вильгельм Шроедерге жеңилип, 2-орунду ээлген.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов дагы  грек-рим күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионатында коло байге тагынган эле.

Количество просмотров: 73