• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян камакта калды

10 Аяк оона 2019 17:44 Бишкек Govori.TV

Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарянга каршы козголгон кылмыш ишин кыскартып, эркиндикке чыгарууга эч негиз жок. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы маалымдады. 9-сентябрда Ереванда өткөн сотто адвокаттар да, прокурорлор да өз талаптарын айтышты.

Буга чейин Кочаряндын жактоочулары Конституциялык соттун чечимине ылайык, аны бошотууну талап кылган доо арыз менен кайрылышкан.

Аз убакыт мурда Конституциялык сот экс-президенттин июль айындагы камалышын мыйзамсыз деп тапкан. Бирок прокурорлор Баш мыйзам Кочарянга иммунитет бере албай турганын жүйө келтиришти.

1998-2008-жылдары өлкөнү башкарган Кочарян «конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган», «ири суммада пара алган» деп айыпталып жатат. Анын иши боюнча кийинки соттук жараян 12-сентябрга белгиленди.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 40