• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Арсандиев: Кафе-ресторандар өлкөдөгү киргизилген режимдердин бардыгы алынгандан кийин уланта алат

29 Чын куран 202013:05 Бишкек Govori.TV

Кафе, ресторандарга бүгүнкү күнгө карата буюртма алып, жеткирүүгө гана уруксат берилген. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, кафе, ресторандардын толук кандуу иштешине уруксат өлкөдө өзгөчө абал, өзгөчө кырдаалдар режимдери толук алынгандан кийин берилет. “Себеби, кафе-ресторандарда инфекцияга байланыштуу чон тобокелчиликтер бар”, — деп кошумчалады Асрандиев.

“Ал эми базарлар тууралуу айтып кетсек, бүгүнкү күндө азык-түлүк саткан соодагерлер өзүлөрүнүн ишмердүүлүгүн уланта алат. Ал эми калган базарлар 20-майдан тарта иштей баштайт. Анткени, базарларда эл көп топтолот, чоң базарлар тууралуу айтсак, ал жакка Бишкек шаарынан гана эмес, башка облустардан да жарандар келет. Эгер облустардын ортосунда келип-кетүү арбын болсо, бул да илдеттин жайылышына таасир этет. Ошондуктан базарлардын иши азырынча токтоп турушу керек”, — баса белгиледи вице-премьер министр.

Количество просмотров: 127